Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 8-июну № 230
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 18-декабрындагы № 884 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Шарафидинов Маратбек | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (макулдашуу боюнча); |
Каныметова Кулайым Кызайбайевна | - | Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча); |
Жакыпов Жылкычы Турганбаевич | - | сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (макулдашуу боюнча); |
- курамдан Байтобетов Д., Жакиев Б., Шыгаев Ю.А. чыгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
| К.А. Боронов |