Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2020-жылдын 8-июну № 230

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 18-декабрындагы № 884 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Шарафидинов Маратбек

-

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (макулдашуу боюнча);

Каныметова Кулайым Кызайбайевна

-

Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);

Жакыпов Жылкычы Турганбаевич

-

сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (макулдашуу боюнча);

 

- курамдан Байтобетов Д., Жакиев Б., Шыгаев Ю.А. чыгарылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр

 

К.А. Боронов