Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 29-июну № 249
2020-жылдын 30-июнунда видеоконференц-байланыш форматында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигининин Экономикалык кеңешинин 86-жыйынына катышуу үчүн:
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Рыскулова Айгуль Маратбековнага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | К.А Боронов |