Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 30-июну № 236-б
1. Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү" программасы боюнча эл аралык келишимди түзгөн Япония Өкмөтүнүн нотасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жооп нотасынын расмий тилдеги (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жооп нотанын долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | К.А.Боронов |