Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 1-июлу № 255
Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө кошкон салымы, ак ниет эмгеги жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйлансын:
Садамкулова Фатима Исагуловна | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башчысы; |
Кенжебаева Шамсия Бакытбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башкы адиси; |
Каниметов Бакыт Жангорозович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн эксперти. |
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башкы адиси Карасартов Талантбек Табылдыевичке Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |