Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 1-июлу № 257
Ак ниет эмгеги, табигый кырсыктарда калкка жардам көрсөтүүгө, ошондой эле алардын кесепеттерин жоюуга кошкон салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Кайпкулов Данияр Амалбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Too кырсыгынан куткаруу кызматынын бешинчи өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун биринчи бөлүмчөсүнүн командири; |
Сатылганов Айбек Салаватович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана аскерлерин даярдоо бөлүмүнүн улук офицери. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Абдрахманов Замирбек Абдимухтаровичке | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куралдануу жана техника бөлүгүнүн автомобиль кызматынын көзөмөлдөө-техникалык жайынын башчысы - автоунаа жана техникалык мүлк кампа башчысы; |
Каптагаев Айдар Жумагуловичке | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) Суучулдар мектебинин башчысы; |
Тукуев Таштанга | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун административдик-чарба бөлүмүнүн инженери. |
Премьер-министр | К.А. Боронов |