Редакцияот 23.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 23-июну № 228-б

Казакстан Республикасынын менен электр энергиясын тышкы соода товар алмашуунун алкагындагы суу-энергетика чөйрөсүндө кызматташуу максатында, 2020-жылдын 26-майында Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын суу жана энергетика ведомстволорунун өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн протоколун эске алуу менен, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына электр энергиясы менен тышкы соода товар алмашуу боюнча 2020-жылдын 24-июлунан тартып 31-августуна чейинки мезгилде 1кВтс үчүн 0,0000001 АКШ долларына барабар болгон шарттуу баада 300 млн кВтс көлөмдөгү электр энергиясы, жеткирүү жана диспетчердик кызмат көрсөтүүлөр үчүн кыргыз тараптын операторунун чыгымдарын казак тараптын төлөөсү жана 2020-жылдын 20-сентябрынан тартып 10-ноябрына чейинки мезгилде Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына 300 млн кВтс көлөмүндөгү электр энергиясын кийнки кайтарып берүү шартында берилсин.

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пункутун ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда электр энергиясы менен товар алмашуунун жүзөгө ашырылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жуктөлсүн.

 

Премьер-министр

К.А. Боронов