Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
2020-жылдын 23-июну № 229-б
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин ченемдерине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2017-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кыргыз каганат" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы "Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектрстанциясын куруу" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга Кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен аталган Кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| К.А. Боронов |