Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 9-июлу № 247-б
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин ( JICA) жазуу жүзүндө арызынын негизинде 2013-жылы чыгарылган, кузовунун № JTEB3FJ40K151123, кыймылдаткычынын көлөмү 2694 см, түсү ак-бермет, “Тойота-Лэндкрузер- Прадо” маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлкеттик менчикке кабыл алсын жана аталган автотранспортту Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратыны экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |