Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2020-жылдын 26-июну ПБ № 69
Кыргыз Республикасынын юстиция системасында ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкү адамдар Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйлансын:
- Джузенова Дамира Сагындыковна - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси;
- Нурудинов Бакыт Нурудинович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;
- Салиева Лайлихан - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук маалымат бөлүмүнүн башкы адиси.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |