Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 27-июлу № 263-б
"Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун Байкоочу кеңешинин 2020-жылдын 22-июлундагы № 7 чечимине ылайык, өзгөчө кырдаал убагында "COVID-19" коронавирустук инфекциясын жуктуруп алган адамдарга өз убагында квалификациялык медициналык жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун (мындан ары - Фонд) төмөнкүлөр жөнүндө сунушуна жана Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимине макулдук берилсин:
- Орловка (Чүй облусу, Кемин району) жана Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району) шаарларындагы объекттерди - ооруканаларды оңдоо-куруу иштерине акы төлөө жөнүндө;
- республиканын ооруканаларын суюк кычкылтек берүүчү борборлоштурулган система, газификаторлор жана көчмө рентген-аппараттар менен жабдуу жөнүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги ушул буйруктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |