Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 10-августу № 269-б
Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамын актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-январындагы № 3-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:
Боронов Кубатбек Айылчыевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы катары;
Темиралиев Таалайбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр;
Исмаилов Алтынбек Джапарович - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Тюменбаев Баккельди Рахимович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун башчысы;
Дубанаев Адилет Садырбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун эксперти;
Кыдыргычов Исламбек Намызбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун эксперти;
- курамдан М.Д.Абылгазиев, Б.Т.Джунусов, С.А.Кылжыев, Д.Д.Догоев чыгарылсын.
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
18-пунктундагы "бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты сектору" деген сөздөр "бөлүмү" деген сөз менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |