Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 10-августу, № 270-р
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасындагы мекемелердин материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана "Бажылык женге салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин арызынын негизинде Zordan, «LMDE165M2» модели, 2011-жылы чыгарылган, PERKINS/PK38670 кыймылдаткычы, шасси №36001011 1, кубаттуулугу 165ква генераторун (мындан ары - генератор) мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол жобосуна белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын (Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- генераторду мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- генераторду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте генераторду ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |