Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 22-июну № 241
Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын финансы жана экономикалык кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Баясов Нурадил Мирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк секторунун башчысы; |
Болотов Санжар Бактыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн эксперти; |
Малаев Назар Камалдинович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын, тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контролдоо бөлүмүнүн башчысы. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын: | ||
Раева Эльгиза Султанбаевнага | - | ЕАЭБдеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Керимджанов Рахимбек Айбекович | - | Эл аралык финансы корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы консультанты; |
Кадыров Айбек Аскарбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Кенжебаев Омурбек Абдиназаровичке | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын МЖО бөлүмүнүн башкы адиси; |
Базиев Арсланбек Талантбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контролдоо бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткаруучу; |
Сейдибакасова Айпери Нурбековнага | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси. |
Премьер-министр | К.А. Боронов |