Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 3-августу № 300
Ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйлансын:
Абдымомунова Галия Кошоевна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын шайкештикти баалоо системаларын жөнгө салуу жана Халал индустрия бөлүмүнүн башчысы; |
Жолдошева Сабыргул Хамракуловна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын техникалык регламенттер, стандарттар жана ченөө бирдейлигин камсыздоо боюнча иштерди координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Ахметов Уран Тулондиевич | - | "Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташууга көмөктөшүү" кызматташуу боюнча немис агенттигинин долбоорунун эксперти. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Ильясов Нуржамал Сатаровнага | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын начальниги; |
Осмоналиев Медербек Каныбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин экономикалык саясат башкы башкармалыгынын макроэкономикалык талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн башкы адиси; |
Саарбек уулу Нурланга | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын мониторинг, талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн улук инспектору; |
Шатманалиев Кубат Шаршенбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердик саясаты башкармалыгынын лицензиялык уруксат берүү иши жана ЖТТ бөлүмүнүн башкы адиси. |
Премьер-министр | К.А. Боронов |