Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 4-августу № 301
Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы жарандары үчүн дары-дармек каражаттарына жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында:
1. Мамлекеттик, муниципалдык же социалдык дарыканаларын түзүү маселеси боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ мамлекеттик, муниципалдык же социалдык дарыканаларын түзүү сунуштарын жана механизмин иштеп чыгып, бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топтун жооптуу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аныкталсын.
4. Жумушчу топ өзүнүн ишин камсыздоо үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, ишкердик жана эксперттик коомчулуктардын өкүлдөрүн ишке тартууга;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматты сурап алууга.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) жумушчу топтун ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| К.А.Боронов |
|
| Тиркеме |
Мамлекеттик, муниципалдык же социалдык дарыканаларын түзүү маселелери боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Каратаев Мадаминжан Мусаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Есеналиев Максатбек Кульчороевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Солтонбекова Ализа Карыпбековна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Байдылдаев Мурат Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Тайлаков Кенешбай Доскулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Ташбаев Илияз Азизбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы; |
Калыков Акылбек Момунтаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары; |
Асанов Уланбек Жалалович | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Шакирова Гульмира Абидиновна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору; |
Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын талдоо жана стратегиялык пландоо тобунун эксперти. |
Премьер-министр | К.А. Боронов |