Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 4-августу № 303
Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Кутманов Бакытбек Зарылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын статс-катчысы; |
Искембаева Гульмайрам Асановна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө башкармалыгынын тамак-аш коопсуздугу секторунун башкы инспектору; |
Чынкожоев Жамалбек Алымкулович | - | Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын малдын ден соолугун контролдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Мукалиев Бапа | - | Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын Ала-Арча ветеринардык дарылоо жайынын жетектөөчү ветеринардык дарыгери. |
Премьер-министр | К.А. Боронов |