Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 12-августу № 322
Кыргыз Республикасынын делегациясы Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык кеңешинин эгидасынын астында Жогорку деңгээлдеги саясий форумунда ийгиликтүү көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча биринчи Улуттук ыктыярдуу серебин уюштурууда жана даярдоодогу ак ниет эмгеги, колдогондугу жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Аманова Айсулуу Ажакматовна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин стратегиялык пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы; |
Третьякова Татьяна Алексеевна | - | "Гуманитардык долбоорлоо институту" коомдук бирикмесинин эксперти. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын: | ||
Озонниа Ожиелого | - | Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын туруктуу координатору; |
Луиз Чемберленге | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү; |
Иоахим Фритцке | - | Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) өлкөлүк директору. |
Премьер-министр | К.А. Боронов |