Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 17-августу № 276-б
Мамлекеттик турак жай саясатын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ачык акционердик коому менен (макулдашуу боюнча) биргеликте, эки жумалык мөөнөттө Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңештин кароосуна орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик турак жай программасынын долбоорун киргизсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
1-тиркеме
Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңештин
курамы
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
"Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча), Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсу (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин терагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
жобо
1. Жалпы жобо
1. Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш (мындан ары -Координациялык кеңеш) Кыргыз Республикасында турак жайлардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана мамлекеттик турак жай программаларын аткаруу үчүн зарыл болгон иш - чараларды ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыз кылуучу, кеңешүүчү орган.
2. Координациялык кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасында турак жай менен камсыз кылуу маселелери боюнча чечимдерди иштеп чыгуу максатында Координациялык кеңеш мыйзам чыгаруучу мамлекеттик органдар, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, эл аралык уюмдар, ошондой эле донор өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен өз ара аракеттенет, алар төраганын чечими боюнча жыйынга чакырылышы мүмкүн.
4. Координациялык кеңештин жыйынына коммерциялык эмес уюмдардын (макулдашуу боюнча) жана массалык маалымат каражаттарынын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү добуш берүү укугусуз катыша алат.
2. Координациялык кеңештин милдеттери, функциялары жана укуктары
5. Координациялык кеңештин милдети болуп Кыргыз Республикасында турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга зарыл болгон шарттарды камсыздоо үчүн чечимдерди иштеп чыгуу саналат.
6. Өзүнүн милдетин чечүү үчүн Координациялык кеңеш төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- мамлекеттик ипотекалык кредит берүү, мамлекеттик турак жай программасынын алкагында турак жай куруу, мамлекеттик ипотекалык кредит берүү жана турак жай куруу секторуна инвестицияларды тартуу
чөйрөсүндөгу чараларды ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын ишин координациялоону камсыздайт;
- өзүнүн жыйындарында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жана башка уюмдардын (макулдашуу боюнча) мамлекеттик турак жай саясатын ишке ашыруу жана Координациялык кеңеш кабыл алган чечимдерди аткаруу тууралуу отчётторун карап чыгат жана талкуулайт;
- мамлекеттик турак жай программасынын максаттык багыттарына жетишкендигине мониторинг жүргүзөт жана баа берет;
- турак жай менен камсыздоо чөйрөсүндөгу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча чечимдерди иштеп чыгууну камсыздайт.
7. Координациялык кеңеш өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюмдарга белгиленген тартипте турак жай менен камсыз кылуу маселелери боюнча сунуштарды киргизуу;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (макулдашуу боюнча) жана башка уюмдардан (макулдашуу боюнча) өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана башка маалыматтарды белгиленген тартипте суратуу жана алуу;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрүн, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жана башка уюмдардын (макулдашуу боюнча) кызматкерлерин белгиленген тартипте Координациялык кеңештин милдеттерин ишке ашырууга тартуу;
- Кыргыз Республикасында турак жайлардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана мамлекеттик турак жай саясатын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иш - чараларды ишке ашыруу маселелери боюнча донор өлкөлөр, эл аралык уюмдар, жеке секторлор менен финансылык кызматташуу маселелери жаатында жыйындарды жана башка иш-чараларды өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштарды киргизүү;
- зарылдыгына жараша Координациялык кеңешке караштуу техникалык тонторду, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүү.
3. Координациялык кецештин ишин уюштуруу
8. Координациялык кеңештин жыйыны зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Координациялык кеңештин жыйынын Координациялык кеңештин төрагасы алып барат.
9. Координациялык кеңештин төрагасы:
- Координациялык кеңештин жыйынын алып барат;
- Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартибин бекитет;
- Координациялык кеңештин атынан чыгат;
- Координациялык кеңешти башкаруу үчүн башка функцияларды аткарат.
10. Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
- Координациялык кеңештин жыйындарына, каралып жаткан маселелерди талкуулоого жана чечимдерди иштеп чыгууга катышат;
- Координациялык кеңештин төрагасына Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартибине карата сунуштарды киргизет;
- Координациялык кеңештин жыйынына материалдарды даярдайт жана өз учурунда берилишин камсыздайт;
- Координациялык кеңештин чечимдерин аткарат.
11. Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартиби Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде түзүлөт жана Координациялык кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет. Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартибине карата сунуштар актуалдуу болушу керек жана карап чыгууга киргизилүүчү маселелер, аларды карап чыгуу датасы, баяндамачылардын (тең баяндамачылар) жана Координациялык кеңештин жыйынына материалдарды даярдоо үчүн жооптуу болгон жактардын аты-жөндөрү камтылууга тийиш.
12. Координациялык кеңештин жыйынына материалдар жооптуу аткаруучулар тарабынан Координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлгөнгө чейин, 7 (жети) иш күнүнөн кечиктирбестен (Кеңештин биринчи жыйынын эске албаганда) Координациялык кеңештин катчылыгына берилет.
13. Координациялык кеңештин төрагасынын чечими жана Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча жыйындын күн тартибине Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартибинде каралбаган маселелер кошулушу мүмкүн.
14. Координациялык кеңештин жыйыны анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышканда гана укуктуу болуп саналат. Координациялык кеңештин жыйынын анын төрагасы өткөрөт.
15. Координациялык кеңештин төрагасы жок учурда, анын милдеттерин Координациялык кеңештин төрагасынын орун басарларынын бири аткарат.
16. Координациялык кеңештин чечими кворумдун болушу менен, көпчүлүктүн добушу боюнча ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Чечимди кабыл алууга каршы добуш берген Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн өзгөчө ой-пикирлери жазуу жүзүндө берилет жана Координациялык кеңештин жыйынынын протоколуна тиркелет.
17. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калса, Координациялык кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
18. Координациялык кеңештин чечими протокол менен таризделет, ага Координациялык кеңештин төрагасы кол коёт.
19. Жыйындын протоколунун долбоору Координациялык кеңештин төрагасына жыйын өткөрүлгөндөн кийин, 3 (үч) иш күнүнөн кечиктирбестен киргизилет.
20. Координациялык кеңештин жыйынынын материалдары жана башка документтер электрондук почта аркылуу жиберилиши мүмкүн.
4. Координациялык кеңештин катчылыгы
21. Координациялык кеңештин катчылыгы болуп "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) саналат.
22. Координациялык кеңештин катчылыгынын милдети Координациялык кеңештин ишин уюштурууну камсыздоо.
23. Координациялык кеңештин катчылыгынын функциялары:
- Координациялык кеңештин жыйынын даярдоону уюштуруу;
- Координациялык кеңештин күн тартибинин долбоорлорун даярдоо;
- Координациялык кеңештин жыйынына материалдарды жана Координациялык кеңештин чечиминин долбоорун даярдоону уюштуруу;
- Координациялык кеңештин жыйынын өткөрүү датасын, убактысын, ордун жана кароого сунушталган болжолдуу маселелердин тизмесин, Координациялык кеңештин жыйыны өткөнгө чейин, 5 (беш) иш күнүнөн кечиктирбестен Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө кабарлоо (Координациялык кеңештин биринчи жыйынын эске албаганда);
- Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө кезектеги жыйындын материалдарын Координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлгөнгө чейин, 3 (үч) иш күнүнөн кечиктирбестен таратуу (Координациялык кеңештин биринчи жыйынын эске албаганда);
- Координациялык кеңештин жыйынын өткөрүүнү камсыздоо (жыйынды өткөрүү убактысын жана жерин тактоо, катышуучуларды каттоо, протокол жүргүзүү);
- жыйындын протоколуна кол коюлгандан кийин, 2 (эки) күндөн кечиктербестен Координациялык кеңештин протоколун Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө таратуу;
- Координациялык кеңештин чечиминин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
- Координациялык кеңештин иш кагаздарын жүргүзүүсүн камсыздоо;
- Катчылыктын тиешелүү архивдеринде документтердин сакталышын камсыздоо.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 157-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2020-жылдын 17-августу № 276-б
Мамлекеттик турак жай саясатын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ачык акционердик коому менен (макулдашуу боюнча) биргеликте, эки жумалык мөөнөттө Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңештин кароосуна орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик турак жай программасынын долбоорун киргизсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
| 1-тиркеме |
Мамлекеттик турак жай саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 157-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
"Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча), Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).