Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 17-августу № 279-б
Кыргыз Республикасынын жарандарына идентификациялык жеке номерди ыйгаруунун жол-жобосун жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 517-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунда:
- экинчи абзацындагы “30-апрелине” деген сөздөр “31-августуна” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- алтынчы абзацындагы “15-майына” деген сөздөр “15-сентябрына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |