Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 17-августу № 280-б
Мамлекеттик жарандык кызматта адам ресурстарын башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Корея Республикасынын Персоналды башкаруу боюнча министрлигинин ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
Долбоор
Мамлекеттик жарандык кызматта адам ресурстарын башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Корея Республикасынын Персона, мы башкаруу боюнча министрлигинин ортосундагы Кызматташтык жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Корея Республикасынын Персоналды башкаруу боюнча министрлиги, мындан ары Тараптар деп аталып, теңдик, өз ара пайда алуу жана түшүнүшүү принциптеринин негизинде мамлекеттик жарандык кызматта адам ресурстарын башкаруу жаатындагы эки тараптуу алмашууларга жана кызматташтыкка дем берүүгө жана өнүктүрүүгө өз ара кызыгуусун билдирип, төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишти:
1-берене. Меморандумдун максаты
Ушул Кызматташтык жөнүндө меморандум эффективдүү жана натыйжалуу мамлекеттик жарандык кызматты бекемдөө жана колдоо максатында адам ресурстарын башкаруу жаатындагы Тараптардын ортосундагы кызматташтыктын формасын жана алкагын аныктайт.
2- берене. Кызматташтыктын формалары
Тараптардын кызматташтыгы төмөнкүдөй формаларда ишке ашырылат:
1) мамлекеттик жарандык кызматта адам ресурстарын башкаруу маселелери боюнча тийиштүү басылмалар менен алмашуу;
2) мамлекеттик жарандык кызматта адам ресурстарын башкаруу жаатындагы билим жана тажрыйба менен алмашуу;
3) өз ара кызыгууну жараткан маселелерди талкуулоо үчүн эксперттердин кеңешүүсү;
4) эки өлкөнүн аймагында өткөрүлүүчү мамлекеттик жарандык кызматта адам ресурстарын башкарууга байланыштуу иш-чараларга катышуу;
5) кызматташтыктын башка формаларын Тараптар биргелешип аныкташы мүмкүн.
3- берене. Кызматташтыктын чөйрөлөрү
1. Катышуучулар мамлекеттик жарандык кызматтын адам ресурстарын башкаруу жаатында кышатташат, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
1) персоналды кабыл алуу, ишти баалоо, социалдык кепилдиктер жана компенсацияларды кошкондо, мамлекеттик адам ресурстарын башкарууда саясатты пландаштыруу жана инновацияларды ишке киргизүүнү;
2) меритократияны жана мамлекеттик кызматчылардын кесипкейлүгүн чындоо максатында адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты;
3) мамлекеттик жарандык кызматта ар түрдүүлүктү колдоону;
4) мамлекеттик кадрларды башкаруу үчүн маалыматтык системаларды;
5) мамлекеттик жарандык кызматтагы жетекчи кызмат орундарынын системасын;
6) мамлекеттик жарандык кызматтагы этиканы, жүрүм-турумду жана тартипти.
2. Башка маселелерди Тараптар биргелешип чечишет.
4-берене. Координациялоо
Ар бир Тарап ушул Меморандумду натыйжалуу аткаруу үчүн координаторду дайындайт. Координаторлор ушул Меморандумдун алкагындагы келишимдиктерди жана кызматташтык программаларын жүзөгө ашырууну координациялоо үчүн жооп беришет. Координаторлор өз ара консультацияларды берүүнүн негизинде кызматташтык программаларынын жылдык пландарын даярдашат.
5-берене. Каржылоо
Тараптар ушул Меморандумду жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон чыгымдарды, өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган каражаттардын чегинде өз алдынча төлөшөт.
6- берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Меморандумду жүзөгө ашыруу учурунда келип чыккан талаш маселелерди Тараптар консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү откоруу жолу менен чечишет.
7- берене. өзгөртүүлөрдү киргизүү
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
8-берене. Корутунду
1. Ушул Меморандум кол коюлган кундон тартып кучуно кирет жана ушул Меморандумдун күчүн токтотуу ниети жөнүндө бир Тарап экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.
2. Ушул Меморандумдун күчүн токтотуу, эгерде Тараптар жазуу жүзүндө башкача макулдашпаса, ушул Меморандумга ылайык бекитилген жана бул Меморандумдун күчүн токтотуу мөөнөтү бүтө турган күнгө карата аяктай элек долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга таасир тийгизбейт.
____________шаарында, 20______-жылдын «_»__ эки туп нускага кол коюлду, ар бири кыргыз, орус, корея жана англис тилдеринде түзүлгөн. Тексттердин бардыгы бирдей күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун тексттеринин ортосунда айырмачылыктар болгон учурда Тараптар англис тилине кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Корея Республикасынын
Персоналды башкаруу Персоналды башкаруу
боюнча министрлиги үчүн боюнча министрлиги үчүн