Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 20-августу № 284-б
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесин, 2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуунун талаптарын, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы № 72 "Бут кийим товарларына идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү жөнүндө" чечимин жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Альфа Телеком" жабык акционердик коому Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору (администратору) катары аныкталсын (мындан ары - маркалоонун оператору).
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
1) маркалоонун оператору менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу түзсүн;
2) кийин жайылтуу, коштоону камсыздоо, адаптациялоо, модернизациялоо, техникалык тейлөө жана коштоо, ошондой эле администрациялоо үчүн менчик укуктарын өткөрүп берүүсүз товарларды маркалоонун автоматташтырылган маалыматтык системасын жана анын чакан системаларын маркалоонун операторуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Евразия экономикалык комиссиясын Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору (администратору) аныкталгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Маркалоонун операторуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынан товарларды маркалоонун автоматташтырылган маалыматтык системасын жана анын чакан системаларын менчик укугун өткөрүп берүүсүз кабыл алуу;
2) товарларды маркалоонун автоматташтырылган маалыматтык системасын жана анын чакан системаларын эсептөөчү кубаттуулуктар жана алардын толук иштеши үчүн керектүү администрациялык колдоо менен камсыз кылуу.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25 майы № 369-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ