Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 21-августу № 288-б
Кыргыз Республикасында инвестициялык саясатты өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык финансылык корпорациянын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Шамшудинович Асранлиевге Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Эл аралык финансылык корпорациянын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | К.А. Боронов |