Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 24-августу № 296-б
Дүйнөлүк банк менен "Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Дүйнөлүк банк менен "Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү курам тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Сүйлөнгүүлөрдү жүргүзүүчү топ 2020-жылдын 25-августунда Дүйнөлүк банк менен "Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорун кошумча каржылоо" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
3. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топ мамлекеттик органдардьш тийиштүү өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги аныкталсын.
4. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү топтун жетекчисине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сүйлөшүүлөр протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |