КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 27-августу № 298-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 121-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 2 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри
Э.Ш.Асрандиевге аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.".
Премьер-министр | К.А. Боронов |