Редакцияот 28.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 28 августу № 299-р

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын кызматкерлери үчүн 2020-жылдын 29-августу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-берснесинде жана "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесинин 2-белугунде каралган компенсациялоо менен жумуш куну деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2020-жылдын 29-августун жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

 

Премьер-министр

К.А. Боронов