Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 28-августу № 372
Ак ниет жана улгулуу кызматы үчүн, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Абдыбеков Урмат Насыпбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Жапаров Мирлан Муратбекович | - | Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча тобунун өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын подполковниги. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Абакиров Рахат Канатовичке | - | Чуй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн "Ивановка" айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги, милициянын майору; |
Уланов Нурсултан Улановичке | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматынын № 714 аскер бөлүгүнүн ыкчам багыттагы тобунун командири, капитан; |
Байбосунов Асылбек Акжолтоевичке | - | Ысык-Кел облусунун Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу изоляторунун улук инспектору, милициянын капитаны; |
Калыков Бакыт Абдиманаповичке | - | Ош облусунун Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн М.Сактанов атындагы Жаны-Ноокат айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милициянын участкалык уполномоченныйы, милициянын капитаны; |
Садабаев Умет Касеновичке | - | Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын каракчылыка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын улук лейтенанты; |
Токебаев Самат Салайдиновичке | - | Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын мүлктүк кылмыштардын бетин ачуу бөлүмчөсүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын лейтенанты; |
Бейшекеев Туратбек Эсенгуловичке | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милиция батальонунун взводунун командиринин орун басары, милициянын улук прапорщиги; |
Дыканбаев Эмурбек Абибиллаевичке | - | Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын бөлүмчөсүнүн командири, милициянын прапорщиги. |
Премьер-министр | К.А. Боронов |