Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 8-сентябры № 395
Ак ниет жана үлгүлүү кызматы үчүн, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын түзүлгөн күнүнүн 15 жылдыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Алишеров Бакытбек Автандилович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окутуу-методикалык борборунун директору; |
Шабданалиев Куват Токтобекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ыкчам талдоо бөлүмүнүн башчысы. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Пазилов Бекболот Каримовичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын координация жана өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы инспектору; |
Жумабеков Жыргалбек Жумабековичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ыкчам талдоо бөлүмүнүн улук инспектору; |
Нестеров Владислав Игоревичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ыкчам талдоо бөлүмүнүн улук инспектору. |
Премьер-министр | К.А. Боронов |