КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 8-сентябры № 396
Ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Алымкулова Эльмира Насипкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин аппарат жетекчиси; |
Керималиева Назира Керималиевна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрө башкармалыгынын начальниги. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын: | ||
Абдукадирова Малика Азимовнага | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин финансы статистикасы бөлүмүнүн башчысы; |
Абдуллаева Гульхумар Турсуновнага | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы; |
Бримкулова Каныкей Нурлановнага | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар кеңешинин мамлекеттик органдар, ишкер коомчулугу жана эл аралык донордук уюмдар менен иштөөнү координациялоо боюнча кеңешинин катчылыгынын эксперти. |
Премьер-министр | К.А. Боронов |