Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 2-сентябры № 304-б
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун ("CASA-1000" жергиликтүү коомдоштуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо) расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | К.А. Боронов |