Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 11-сентябры № 321-б
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн техникалык потенциалын чындоо" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Макулдашууну түзгөн Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алмашуу катынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган алмашуу катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн техникалык потенциалын чындоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча аткаруучу орган болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |