Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 2-сентябры № 303-б
1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:
1) Микро-, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору;
2) Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы Зайым жөнүндө макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| К.А. Боронов |