Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 2-сентябры № 310-б
1. Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы "Юстиция бардыгы үчүн: Кыргыз Республикасынын юстиция секторунда адамга багытталган реформаны киргизүү (JUST4ALL)" долбоору боюнча финансылык макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Финансылык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | К.А. Боронов |