Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 15-сентябры № 322-б
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чындоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде 2009-жылы чыгарылган, кузовунун № JTERU71J004001438, кыймылдаткычынын № JGR0975105, кыймылдаткычынын көлөмү 3956 см3, ак түстөгү "Тойота Прадо" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосунда белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мулкту башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаментине оперативдүү башкарууга откоруп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департамента ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын оперативдүү башкарууга белгиленген тартипте кабыл алсын жана бааласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын агровнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |