Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 15-сентябры № 406
2020-жылдын 15-сентябрында видео-конференц-байланыш форматында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 87-жыйынына катышуу үчүн:
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Рыскулова Айгуль Маратбековнага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | К.А. Боронов |