Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 18-сентябры, № 325-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 258-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Жаманкулов А.К. | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Тулобаев Б.З. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Юсупов Б.Ю. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кадыров А.С. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу; |
Муканов К А. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Джанузаков А.К. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Республикалык штабдын курамынан Турганбаев М.Т., Жылкыбаев У.К., Осмоналиев А.Ш., Араев A.M., Тыныстанова М.М. чыгарылсын;
- «Конокбаев Д.Т.» деген позициядагы «бөлүм башчынын орун басары» деген сөздөр «бөлүм башчы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | К.А. Боронов |