Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 18-сентябры № 326-б
Республиканын калкын жана экономика тармагын 2020/2021 -жылдын күз-кыш мезгилинде электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылууда «Электр станциялар» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү, Токтогул суу сактагычынын суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын суу чарба жана Энергетикалык ведомстволорунун өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн 2020-жылдын 26-майындагы Протоколуна ылайык электр энергиясын импорттоону жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети «Улуттук Энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коому менен бирдикте Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына 2020-жылдын сентябрь-декабрь айларында 500 млн кВтска чейинки көлөмдө электр энергиясын импорттоону камсыз кылсын.
2. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктун ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү, Казакстан Республикасынан 500 млн кВтска чейинки көлөмдөгү электр энергиясын жеткирүү келишимин түзүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2020-жылдын сентябрь-декабрь айларында «Электр станциялар» ачык акционердик коомуна импорттолгон электр энергиясына төлөөгө жана Бишкек, Ош шаарларынын жылуулук электр борборлору үчүн отун сатып алууга 1 000 000 000 (бир миллиард) сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит берсин жана белгиленген тартипте төмөнкү шарттарда карыздык милдеттенме түзсүн:
1) бюджеттик кредитти кайтаруунун мөөнөтү - 5 жыл, анын ичинде негизги сумманы жана пайызды төлөө боюнча жеңилдетилген мөөнөт 3 жыл;
2) бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка -жылдык 2 пайыз;
3) мыйзамда белгиленген тартипте милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу менен;
4) финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыздардын суммасынан жылдык 4 пайыз;
5) жеңилдетилген мөөнөт ичинде негизги сумманы, пайдалангандыгы үчүн пайызды, ошондой эле эсептелген пайыздарды төлөөнүн мезгилдүүлүгү - 2023-жылдын 30-сентябрынан баштап 2025-жылдын 30-сентябрына чейин ай сайын бирдей төлөмдөр менен.
4. Кыргыз Республикасынын 0нер жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитета «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коому менен бирдикте томонкулерду камсыз кылсын:
1) Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына электр энергиясын импорттоону контролдоону;
2) ушул буйруктун 3-пунктунда аталган бюджеттик кредитти «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун максаттуу пайдаланышын.
5. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте 2020-жылдын октябрынан тартып электр энергиясын импорттоо боюнча сарптоолорго жана 2020/2021-жылдын күз-кыш мезгилине Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлору үчүн отун сатып алууга сарптоолорду жабууну эске алуу менен электр жана жылуулук бөлүштүрүүчү компаниялар үчүн «Электр станциялар» ачык акционердик коому тарабынан берилүүчү электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди 600 000 000 (алты жүз миллион) сом суммасында кайра карасын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 18-сентябры № 326-б
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-февралындагы № 29-б буйругунун редакциясына ылайык
Республиканын калкын жана экономика тармагын 2020/2021 -жылдын күз-кыш мезгилинде электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылууда «Электр станциялар» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү, Токтогул суу сактагычынын суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын суу чарба жана Энергетикалык ведомстволорунун өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн 2020-жылдын 26-майындагы Протоколуна ылайык электр энергиясын импорттоону жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети «Улуттук Энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коому менен бирдикте Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына 2020-жылдын сентябрь-декабрь айларында 500 млн кВтска чейинки көлөмдө электр энергиясын импорттоону камсыз кылсын.
2. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктун ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү, Казакстан Республикасынан 500 млн кВтска чейинки көлөмдөгү электр энергиясын жеткирүү келишимин түзүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги 2020-жылдын сентябрь-декабрындагы мезгилде "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна 1000000000 (бир миллиард) сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит, анын ичинде импорттолгон электр энергиясына төлөөгө - 82573246 (сексен эки миллион беш жүз жетимиш үч миң эки жүз кырк алты) сом, Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлорунун керектөөлөрү үчүн отун сатып алууга - 917426754 (тогуз жүз он жети миллион төрт жүз жыйырма алты миң жети жүз элүү төрт) сом берсин жана белгиленген тартипте төмөнкү шарттарда карыздык милдеттенме түзсүн:".