Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 1-октябры № 342-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын жеңилдетүү жана реструктуризациялоо жана Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фонду менен карызды тейлөөнү кийинкиге калтыруу жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча иштин алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү токтото туруу демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондусунун ортосундагы Карызды тейлөөнү кийинкиге калтыруу жөнүндө макулдашуунун расмий тилдеги (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | К.А. Боронов |