Редакцияот 05.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 5-октябры № 348-б

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын арызынын негизинде, төмөнкү автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосунда жайгаштырсын:

- 2020-жылы чыгарылган, кузовунун номери JN1VB4E26Z0015077, кыймылдаткычынын номери QR25 764882Q, ак түстөгү "Nissan Urvan" маркасындагы микроавтобусту;

- 2020-жылы чыгарылган, кузовунун номери JN1VB4E26Z0015080, кыймылдаткычынын номери QR25 765280Q, ак түстөгү "Nissan Urvan" маркасындагы микроавтобусту.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

К.А. Боронов