Редакцияот 29.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 29-сентябры № 339-б

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) арызынын негизинде 2003-жылы чыккан “Nissan Patrol” маркасындагы, кузовунун № JN1TCSY61Z0636411, кыймылдаткычынын № TD42169718, кыймылдаткычынын көлөмү 4169 см 3, ак түстөгү автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосунда жайгаштырсын.

2.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.

3.    Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.

4.    Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

К.А. Боронов