КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 21-сентябры № 327-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын оорчулугун жеңилдетүүнүн жана реструктуризациялоонун жана 2020-жылдын 16-июнунда Париж шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Париж клубунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөөнү кийинкиге калтыруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумда белгиленген келишимдерди ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия өнүктүрүү банкынын KfW ортосундагы 2572349,44 евро өлчөмүндөгү карызды тейлөөнү кийинкиге калтыруу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | К.А.Боронов |