Редакцияот 27.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 27-октябры № 353-б

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Бишкек шаары, 7-кичи району, № 52 үй дареги боюнча жайгашкан "Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети" мекемесинин № 2 жатаканасынын имаратын "И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академия" мекемесинин оперативдүү башкаруусуна белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган имаратты оперативдүү башкарууга кабыл алсын;

- аталган имаратты максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-июнундагы № 307-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Н.Жапаров