Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 28-октябры № 523
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 506 токтому менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 10- пунктуна ылайык:
1. Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди квалификациялык тандоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Комиссия Евразия экономикалык комиссиянын департаменттеринде кызмат адамынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди квалификациялык тандоону белгиленген тартипте өткөрсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын (Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Н.Жапаров |
Тиркеме
Евразия экономикалык комиссиясынын департаменгтеринде кызмат адамынын бош кызмат
ордун ээлооге конкурска катышуу учун Кыргыз Республикасынан талапкерлерди квалификациялык тандоо боюнча комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, комиссиянын терагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер жана интеграциялык процесстер боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын болум башчысынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Евразия экономикалык бирлигинин ишин тейлөөчү Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Евразия экономикалык бирлигинин ишин тейлөөчү Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тузүмдүк бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти;
Евразия экономикалык бирлигинин ишин тейлөөчү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин департаментинин кеңешчиси;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).