КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 30-октябры № 356-б
Бишкек шаарында 2020-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимдин алкагында Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүгүү" долбоорунун стратегиялык жана программалык аспектилери боюнча координациялоону, маалымат алмашууну камсыз кылуу жана өз убагында чечим кабыл алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүгүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин (мындан ары - Байкоочу кеңеш) курамы 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Байкоочу кеңештин ишинин регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери Байкоочу кеңештин ишине көмөк көрсөтүшсүн.
4. Байкоочу кеңештин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Н.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүгүү" долбоору боюнча Байкоочу кеңештин КУРАМЫ
Региондорду өнүктүрүү маселелери тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Байкоочу кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары;
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүгүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.
|
| |
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 356-б буйругуна) |
Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүгүү" долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин ишинин РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүгүү" долбоорун (мындан ары - Долбоор) ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин (мындан ары - Кеңеш) ишинин тартибин аныктайт.
2. Кеңеш Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүгүү" долбоорун натыйжалуу жана үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
3. Кеңештин негизги милдеттери:
- жалпы координациялоону камсыз кылуу жана Долбоорду ишке ашырууда зарыл болгон көмөк көрсөтүү;
- айыл чарбасын жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында аныкталган артыкчылыктарды жана максаттарды карап чыгуу жана жактыруу;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча жылдык иш пландарын карап чыгуу;
- Долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка кызыкдар тараптардын ишин координациялоо;
- иштеп чыгуу процесстерин башкаруу, мезгил-мезгили менен жаңылоо жана Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш пландарынын аткарылышы жөнүндө зарыл болгон отчётторду берүү;
- отчёттук мезгилде Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктарын, анын ичинде жетишкендиктерге жана четтөөлөргө мониторинг жүргүзүү менен аларды талкуулоо жана бекитүү;
- жакынкы мезгилге Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш пландарын карап чыгуу жана жактыруу;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча натыйжалуу иш-аракеттерди камсыз кылуу үчүн биргелешип талкуулаган сунуштарды жана чечимдерди берүү;
- башка негизги өнөктөштөрдүн программалары/долбоорлору менен координациялоо;
- Долбоорду ишке ашырууда келип чыккан бардык маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды киргизүү.
4. Кеңеш өз ишинде Конституцияны, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин жана буйруктарын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, күчүнө кирген эл аралык келишимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Кеңеш өз ишинин коллегиалдуулук жана ак ниет принциптеринде жүргүзөт.
2. Кеңештин уюштуруу жана ыйгарым укуктары
6. Кеңеш өз ишин жыйындар аркылуу уюштурат.
7. Кеңештин жыйыны Байкоочу кеңештин төрагасынын же мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча чакырылат.
8. Кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок алты айда бир жолу өткөрүлөт. Кеңештин төрагасынын чечими же Долбоордун жетекчисинин сунушу боюнча кезексиз жыйындар чакырылышы мүмкүн.
9. Кеңештин жыйыны, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
10. Кеңешти төрага башкарат ал:
- Кеңештин ишине жалпы жетекчиликти камсыз кылат;
- Кеңештин жыйындарынын күн тартибин, ордун жана убактысын аныктайт;
- Кеңештин жыйындарын чакырат жана ага төрагалык кылат;
- каралып жаткан конкреттүү маселе боюнча баяндамачыны аныктайт.
11. Кеңештин төрагасы жок учурда анын функцияларын Кеңештин төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Экономика министри аткарат.
12. Кеңештин катчысы Долбоорду жалпы координациялоо үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп саналат, ал Кеңештин ишин маалыматтык, аналитикалык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылат, анын ичинде Кеңештин жыйындарына күн тартибин жана анын ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон башка материалдардын даярдалышын камсыз кылат, аларды пландаштырылган жыйынга чейин үч жумуш күндөн кечиктирбестен Кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна берет.
13. Кеңештин жыйындарынын жыйынтыктары жөнүндө маалымат Кеңештин катчылыгынын расмий сайтында жайгаштырылат.
14. Кеңештин ыйгарым укуктары:
- тиешелүү техникалык сунуштарды стратегиялык жапа мыйзамдык деңгээлде карап чыгууга;
- Кеңештин жыйындарына мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тийиштүү адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- суроо-талап боюнча мамлекеттик органдардан Кеңештин компетенциясына кирген маселелер жөнүндө маалыматтарды жана материалдарды алууга;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча пландарды ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгуу жана талкуулоого;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу жана чечим кабыл алууга;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш аракеттер жөнүндө кызыкдар тараптарга жана коомчулукка маалымат берүүнү камсыз кылууга;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча Кеңештин мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин ишин угууга;
- Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн андан ары өркүндөтүү боюнча тийиштүү сунуштарды жана сунуштамаларды кабыл алууга жана киргизүүгө;
- Долбоорду ишке ашыруу боюнча кабыл алынган Кеңештин чечимдери мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткаруусун сунуштоого;
- Долбоорду ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, жеке сектордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн Кеңештин жыйындарына чакырып, сунуштарын угууга.
3. Кеңештин чечими
15. Кеңештин чечимдери жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Кеңештин мүчөлөрүнүн добуштары тең болгон учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
16. Кеңештин чечимдери Кеңештин төрагасынын колу коюлган протокол менен таризделет.
17. Кеңештин чечимдери кеңеш берүү мүнөзүндө болот.
18. Кеңештин иши Долбоор аяктагандан кийин токтотулат.
19. Жыйындын протоколу жана Кеңештин башка материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерине ылайык түзүлөт жана Кеңештин катчылыгында сакталат.