Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июнундагы № 313-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 6-ноябры № 361-б
Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы ветеринария жаатында өз ара кызматташууну чыңдоо, айыл чарба продукциясын Кыргыз Республикасынан Катар Мамлекетине экспорттоону өнүктүрүүгө колдоо жана көмөк көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Ветеринария жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директоруна аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Н. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Ветеринария жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Катар Мамлекетинин Өкмөтү,
ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиш болгон жүктү (товарды) экспорттоону-импорттоону өнүктүрүү максатында эки тараптуу кызматташуу ниетин жетекчиликке алып, жаныбарлардын инфекциялык ооруларынын пайда болушун жана жайылышын алдын алуу максатында жаныбарлардын саламаттыгын коргоо жана коомдук саламаттыкты сактоо милдеттенмелерин өз ара түшүнүү менен,
кыргыз-катар мамилелерин өнүктүрүү жана ветеринария жаатында кызматташууну тереңдетүү ниетинде, Тараптардын мамлекеттеринин эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу милдеттенмелерине таасир тийгизбестен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктама
Ушул Макулдашууда ветеринардык контролдоого (көзөмөлдөөгө) тийиш болгон жүккө (товарга) төмөнкүлөр кирет:
- жаныбарлар;
- ай туяктуулар (жылкы, эшек, качыр ж.б.);
- ача туяктуулар (ири мүйүздүү мал, кой, эчки, чочко, төө ж.б.);
- жапайы жаныбарлар;
- айыл чарба жана жапайы кемирүүчүлөр (бакма коён, коён ж.б.);
- үй канаттуулары (тоок, күрп, каз, өрдөк, үй цесарка ж.б.);
- декаративдүү канаттуулар (кыргоол, кекилик, көгүчкөн ж.б.);
- экзотикалык жаныбарлар жана канаттуулар (тотукуштар, маймылдар ж.б.);
- аарылар;
- балык, үлүл, рак сымалдар жана башка омурткасыздар, таш бакалар жана башка суу биоресурстары;
- жаныбардан алынган азыктар - эт, сүт, аквакультура, жумуртка, бал жана адам тамак-аш азыктары катары пайдаланган алардан жасалган продуктулар;
- жаныбарлардан алынган сырье - тери, булгаары, жүн, чач, кылдан, канат, сөөк, мүйүз жана жаныбарлардан алынган азык эмес продуктулар, ошондой эле тамак-аш жана тоют катары колдонууга мүмкүн болбогон ветеринардык контролдоонун негизинде конфискацияланган продуктулар;
- ветеринардык дары-дармек каражаттары - жаныбарларды дарылоо, профилактикалоо, диагностикалоо жана фертилдүүлүгүн көтөрүү үчүн колдонулуучу ветеринардык иммунологиялык, биологиялык, өсүмдүк, химиялык жана фармацевттик субстанциялар.
2-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар
Ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча ишти координациялоого катышкан Тараптардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары төмөнкүлөр болуп саналат:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
б) Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн атынан:
Муниципалитет жана айлана-чөйрө министрлиги.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик жооптуу органдардын түзүмүнө кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилген учурда Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө бул тууралуу бири-бирине билдирүүгө тийиш.
3-берене. Кызматташуу чөйрөсү
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын алкагында төмөнкү тармактар боюнча кызматташат:
- ветеринардык контролдоого алынган жүктү (товарды) импорттоодо, экспорттоодо жана транзит менен өткөрүүдө оорулардын жайылышына бөгөт коюу, ошондой эле жаныбарлардын инфекциялык ооруларын профилактикалоо максатында маалымат жана тажрыйба алмашуу;
- эквиваленттүүлүк принцибине ылайык Тараптардын ветеринардык сертификаттарын макулдашуу жана талаптардын өзгөргөндүгү тууралуу маалымдоо;
- жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча дүйнөлүк уюмдун (мындан ары - МЭБ) жана Тараптардын мамлекеттери мүчө болуп саналган башка тиешелүү уюмдардын алкагында кызматташуу программаларын ишке ашыруу, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринде пайда болушу/келип чыгышы мүмкүн болгон эпизоотиялык кырдаал жөнүндө маалымат алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттеринде изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында илимий институттар, диагностикалык жана аналитикалык лабораториялар менен кызматташуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин колдонуудагы улуттук мыйзамдарына жана ветеринария жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык ветеринардык контролдоого алынган жүктү (товарды) импорттоо, экспорттоо жана транзит менен өткөрүү жаатында кызматташуу аркылуу өз ара соода жүргүзүүгө көмөктөшүү;
- Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын алкагында тамак-аш чынжырчасынын бардык этаптарында ветеринардык контролдоого алынган продукциянын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызматташуу;
- ветеринария боюнча тажрыйба алмашууну камсыз кылуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын алкагында ветеринардык контролдоого алынган продукцияны импорттоого-экспорттоого бөгөт коюу жана чектөө киргизүү тууралуу алдын ала кабарлоо.
4-берене. Милдеттер
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ветеринариянын актуалдуу көйгөйлөрү боюнча төмөнкү милдеттерди өзүнө алышат:
- МЭБдин сунуштарына жана жол-жоболоруна ылайык оорунун алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүү жана Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында жайылышына жол бербөө максатында МЭБдин оорулар тизмесине киргизилген жаныбарлардын инфекциялык ылаңдарынын тизмеси боюнча жарым жылдык отчеттор менен алмашуу;
- Тараптардын өз ара макулдугунун негизинде гана жана МЭБ менен Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) сунуштарына ылайык жаныбарлардан алынган продуктуларды экспорттоого арналган ветеринардык коштомо документтерине (мындан ары - Сертификат) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- тараптар ветеринардык контролго алынган продукцияны экспорттоочу ишканаларда сапат системасынын колдонууну жана ишканаларга тиешелүү уруксат документтерин берүүнү камсыз кылышат. Тиешелүү уруксаты жок ишканалар продукцияны экспорттоого укугу жок.
5-берене. Мамлекеттик ветеринардык контролдоо жана тобокелдикти баалоо
Тараптар өз ишинде тобокелдикке негизделген мамилени жетекчиликке алышат. Тараптардын мамлекеттеринин ветеринардык контролго алынган жүктөрүн текшерүү жана сертификаттоого коюлуучу талаптары практикада жеткиликтүү болгон тобокелдиктерди мүмкүн болуучу максималдуу баалоого негизделген.
Тараптар продукцияны импорттоодо жана экспорттоодо коопсуздугун жана жарактуулугун камсыздоо үчүн анын тобокелдигинин деңгээлине ылайык ветеринардык экспертиза жүргүзөт.
Тараптар экспорттолуучу жаныбарлардын жана жаныбарлардан алынган продукциянын коопсуздугун кепилдей турган сертификаттарды беришет.
Тараптар экспорттолуучу продукцияны сертификаттоодо Тараптардын мамлекеттеринин аймагында колдонулуучу улуттук мыйзамдарын жана стандарттарын биринчи кезекте жетекчиликке алышат.
Эгерде тиешелүү мыйзамдар жана стандарттар Тараптардын мамлекеттеринин аймагында колдонулса жана конкреттүү талаптарга карата таяна турган жалгыз ченем болуп саналбаса, анда Тараптар импорттолуучу жана экспорттолуучу продуктуларды сертификаттоо (кошумча кепилдиктерди берүү) үчүн негиз катары Алиментариус кодексинин Комиссиясынын, МЭБдин, ЕАЭБдин стандарттарына, колдонмолоруна жана сунуштамаларына негизденүүгө укуктуу.
Тараптар экспорттолуучу продукция боюнча Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары жөнүндө маалыматтары менен алмашып турушат.
Тараптар продукцияны импорттоо-экспорттоо талаптарынын жана/же шарттарынын ар кандай өзгөрүүлөрү тууралуу бири-бирин кабарлап турушат.
Жаныбарлардан алынган продукция менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуунун кыйла натыйжалуу жана иштиктүү каражаттары баштапкы өндүрүүдө жана иштетүүдө контролдоо чараларын колдонуу аркылуу камсыздала тургандыгы көңүлгө алынды.
6-берене. Техникалык ишке ашыруу түзүмү
Импорттоочу мамлекеттин Тарабы экспорттоочу ишканалардын продукциясынын ветеринардык талаптарга шайкештигин камсыз кылуу максатында экспорттоочу мамлекет Тараптан бардык тиешелүү документтерди талап кылууга укуктуу. Импорттоочу мамлекеттин Тарабы ветеринардык контролдоого алынган экспорттолуучу продукцияны өндүрүү жана сапатты контролдоо системасы менен таанышуу үчүн жогорку даражадагы тобокелдик ишканаларына барууга укуктуу. Экспорттоочу тарап мындай визиттерди координациялайт.
Экспорттоочу мамлекеттин тарабы ветеринардык сертификаттарды берет, ал Тараптардын мамлекеттеринин талаптарын аткарууну камсыз кылат.
Импорттоочу мамлекеттин тарабы улуттук мыйзамдарда каралган жагдайларда импорттолуучу продукцияны зарылдыгына жараша текшерүүгө, атап айтканда документтерди текшерүүгө, физикалык текшерүүгө, сынамдарды алууга, убактылуу сактоого ж.б. укуктуу.
Тараптар продукцияны импорттоодо ушул Макулдашуунун талаптары бузулган учурда жүктү кабыл алуудан баш тартууга укуктуу.
7-берене. Чыгымдар
Ветеринардык контролго алынган продукцияны карап текшерүү жана документтерди тариздөө менен байланышкан чыгымдарды импорттоочу мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык жүктүн ээси төлөйт.
8-берене. Биргелешкен жумушчу топ
Тараптардын биргелешкен макулдугу боюнча ушул Макулдашууда каралган иш-чараларды көзөмөлдөөнү жана координациялоону камсыз кылуу жана ушул иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү максатында эки Тараптын өкүлдөрүнүн курамында биргелешкен жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
Кеңешме өткөрүлүүчү жер жана күн, ошондой эле талкуулоо үчүн тема Тараптардын жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан аныкталат.
Тараптар өздөрүнүн өкүлдөрүнүн кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагына баруусу жана жашап туруусу менен байланышкан бардык чыгымдарды өздөрү төлөйт.
9-берене. Пикир келишпестиктерди жөнгө салуу
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга жана чечмелөөгө байланыштуу келип чыгуучу пикир келишпестиктер Тараптардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү тарабынан Алиментариус Кодексин, МЭБдин, ЕАЭБдин эл аралык соода боюнча сунуштамаларын жана/же нускамаларын эске алуу менен чечилет.
10-берене. Макулдашуунун колдонуу чөйрөсү
Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышкан башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу укуктарга жана милдеттерге таасирин тийгизбейт.
11-берене. Өзгөртүүлөр
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ар түрдүү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Макулдашуунун 12-беренесине ылайык күчүнө кирет.
12-берене. Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 5 (беш) жыл бою колдонулат, эгерде Тараптардын бири ушул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн аякташынан кеминде 6 (алты) ай мурун аны токтотуу жөнүндө өзүнүн ниети тууралуу дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө экинчи Тарапка кабарлабаса, анда ал өзүнөн-өзү кийинки 5 (беш) жылдык мөөнөттөргө узартылып турат.
Эгерде Тараптар башка шарттар тууралуу макулдашып алышпаса, анда ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу, анын алкагында демилгеленген долбоорлор жана программалар аягына чыкканга чейин, аларды ишке ашырууга таасирин тийгизбейт.
20___-жылдын "___" ____________ эки нускада кол коюлду, ар бири кыргыз, орус, араб, англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Катар Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |
_________________________________________ |
| _________________________________________ |