Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2020-жылдын 6-ноябры № 551
Мамлекеттик башкаруу системасын уюштурууда жаңы ыкмаларды түзүү зарылдыгы келип чыккандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын функцияларын рационалдуу бөлүштүрүү, түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын системасын реформалоо тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын (мындан ары - мамлекеттик органдар) реформалоо жана өркүндөтүү, алардын ортосунда функцияларды рационалдуу бөлүштүрүү, башкаруу схемаларын, түзүмүн жана чектелген штаттык санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды мамлекеттик органдардан сурап алсын;
2) келип түшкөн сунуштарды ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугуна талдоо жүргүзсүн;
3) мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик түзүлүш чөйрөсүндө адистешкен көз карандысыз эксперттердин, илимий жана башка консультанттардын катышуусунда тийиштүү талкууларды жүргүзсүн;
4) эки жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдү талдоо боюнча ишти аягына чыгарсын:
- мамлекеттик функцияларды бөлүштүрүү жана натыйжалуу ишке ашыруу максатында борбордук, ведомстволук жана аймактык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын жоболорун, башкаруу схемаларын жана түзүмдөрүн;
- мамлекеттик органдардын чектелген штаттык санынын зарыл болгон мамлекеттик функциялардын жана ыйгарым укуктардын көлөмүнө шайкештигин;
5) жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары боюнча төмөнкү критерийлерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна мамлекеттик органдардын ортосунда функцияларды рационалдуу бөлүштүрүү, алардын башкаруу схемаларын, түзүмдөрүн жана чектелген штаттык санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин:
- мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинин максатка ылайыктуулугу жана алардын өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына шайкештиги;
- функциялардын кайталанышына жол бербөө.
3. Ведомстволор аралык комиссияга зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тийиштүү адистерин ишке тартууга, коюлган милдеттерди чечүү үчүн эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө белгиленген тартипте укук берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка органдардын жетекчилери:
- бир жумалык мөөнөттө ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна мамлекеттик органдын борбордук, ведомстволук жана аймактык деңгээлдеги башкаруу түзүмдөрүн оптималдаштыруу, чектелген штаттык санын кыскартуу, чыгымдарды азайтуу жана функциялардын кайталанышына жол бербөө боюнча сунуштарды киргизишсин;
- ведомстволор аралык комиссиянын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды ыкчам тартипте берип, анын ишине ар тараптуу жардам көрсөтүп турушсун.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмү адам ресурстарын башкаруу бөлүмү менен бирдикте ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздасын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын системасын реформалоо тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары.