Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 12-ноябры № 368-б

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 272-т, 2022-жылдын 21-январындагы № 22-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)

"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Техногендик түзүлүштөргө байланышкан иштерди кошпогондо, алтынды (уюган, чачыранды), күмүштү жана жезди геогиялык издөө, геогиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугу менен байланышкан ишти лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 272-т тескемесине ылайык)

2. Ушул буйрук лицензиялардын колдонуу мөөнөтүн узартууга жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо боюнча жер казынасын пайдалануучулардын өзгөчө укуктарына, ошондой эле жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берүүгө жайылтылбайт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-январындагы № 22-т тескемесинин редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр

С.Н.Жапаров