Редакцияот 14.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2020-жылдын 14-ноябры № 625

1. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесине ылайык өзүмдүн кызматтык ыйгарым укуктарымды Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин токтотом.

2. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдеттерин аткаруу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министрине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Н.Жапаров