КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 13-ноябры № 375-б
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун № 1 тиркемеси), "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын мүчөсү Чолпонкулов Алмазбек Аскербекович ээлеген кызмат ордунан бошотулсун.
2. Курманбеков Бакыт Оболбекович Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын мүчөсү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Н.Жапаров |