Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 18-ноябры № 379-б
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана 2020-жылдын түшүмүнөн алынган кант кызылчасын жыйноодо айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги 2020-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн 2020-жылдын 1-сентябрынан 2021-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилде республика ичиндеги каттамда темир жол транспорту аркылуу ташууну 2016-жылдын деңгээлинде бекитилген темир жол тарифтик ставкасына 20% өлчөмүндө үстөк акы кошуу менен камсыз кылсын.
2. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 2020-жылдын 1-сентябрынан 2021-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилде 2020-жылдын түшүмүнөн алынган кант кызылчасын ташуу үчүн айып санкцияларын койбостон ушул буйруктун 1-пунктунда белгиленген темир жол тарифтерин колдонсун.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
С.Н.Жапаров |